Кыргыз кинолорунун көркүн ачып, образдарды катыра ойногон таланттуу актёр Аскат Сулайманов 1978-жылы 27-майда Балыкчыда төрөлгөн. Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси. Аскат Сулайманов Кыргыз мамлекеттик драма театрынын жана анын алдында түзүлгөн "Дем" театрынын актёру.
SUPER.KG порталы актёрду туулган күнү менен куттуктап, өзү менен байланышканда ал туулган күнүн үйүндө тосуп жатканын айтты.
"Туулган күнүмдү аябай деле маани берип белгилебейм. Жакындарым чалып куттуктап жатышат. Туугандарым үйгө келебиз деп жатышат. Жакында эле "Кошунаны тандабайт" сериалы тартылып бүттү. Эми жаңы киного тартыла баштайбыз", - деди ал.
Таланттуу актёр Балыкчыда чоңойгон. Анын 2 эжеси жана бир карындашы бар. Балалыгы тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон:
"Апам Жамалкан Мурзакова 1951-жылы Ысык-Көл облусунун Темировка айылында туулган. Тагдыр экен, атам менен ажырашып кеткендиктен 4 баланы жалгыз өстүрдү. Бала кезде апамдын түйшүк тартканын көп деле түшүнгөн эмес экенмин. Апам түн уйкусунан калып, бизди тарбиялап өстүргөнү үчүн терең ыраазымын. Бала кезде сабактан качып 3-кабаттан секирип дегендей, көп тентектик кылдым. Мугалимдер үйгө келип арызданышса, апам сени жалгыз чоңойтуп жатсам, эмнеге тентектик кыласың? деп ыйлап калчу", - деген актёр.
"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тасмасы" деп табылган "Президент жана бомж" тасмасындагы Омордун ролу үчүн Аскат Сулайманов “2012-жылдын супер актёру” болгон.
Эң биринчи казактардын "Камерадан репортаж" деген тасмасына тартылган.
Мурутун бир ирет "Алжан Сарбагышев" деген даректүү тасмага тартылуу үчүн гана алган.
“Айыл өкмөтү” тасмасындагы шок милиция кызматкеринин образы менен элге кеңири таанылган актёр Аскат Сулайманов “24 саат”, “Уурунун махабаты”, “Апамдын махабаты”, “Биринчи кадр”, “Теңири”, “Свет аке”, "Такебай" жана башка тасмаларда роль жараткан. Ошондой эле "Кошунаны тандабайт" сериалында да роль жаратып келет. Аскат Сулайманов учурда Кыргыз мамлекеттик драма театрынын жана анын алдында түзүлгөн "Дем" театрынын актёру.
27-майдын жылнаамасы.