Ош шаарында өзү сүзүп кеткен баланы таятасы болом деп ооруканага жеткирип, изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 25-май күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бараткан Кара-Суу районунун 13 жаштагы тургунун белгисиз унаа сүзүп кеткен. Андан ары айдоочу баланын таятасы болом деп ооруканага жеткирген соң изин жашырган.
Бул маалымат тууралуу Ош ШИИБине шаардык ооруканадан маалымдалып, унаага издөө жарыяланган. Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин натыйжасында, аталган унаа кармалып айып короого киргизилген. Ал эми айдоочу Ноокат районунун 1958-жылы туулган тургуну болгон.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.