Кечээ, 27-майда Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат Санкт-Петербург мамлекеттик кино жана телевидение институтунда киночеберлеринин улуу устаты, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Төлөмүш Океевдин бюстунун ачылышына катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага режиссёрдун туугандары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кинематография департаментинин өкүлдөрү катышты. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун маанилүү окуяга байланыштуу куттуктоосу окулду.
Элчи билим берүү мекемесинин жетекчилигине Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Элчи өз сөзүндө кыргыз киносунун өнүгүшү жана калыптанышы кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөргөн, өлкөбүздө кино индустриясынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Төлөмүш Океевдин ысымы менен ажырагыс байланышта экендигин айтып өттү, ошондой эле Кыргыз-Орус маданий-гуманитардык кызматташтыгын илгерилетүү жана өнүктүрүү элчиликтин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.