Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 24-май күнү Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен бала дагы деле изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-май күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында 5 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылып, Желе-Терек тилкесинен Түрдүк айылына чейин болжол менен жалпы 27 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлгөн.