Бокс. Дүйнө чемпиондугу – 2013: Эрмек Сакенов чейрек финалда казак мушкерине жеңилди

Бүгүн, 23-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда мелдештеги жолун улап жаткан акыркы кыргызстандык боксчу Эрмек Сакенов чейрек финалдык беттешин өткөрдү. Анда Эрмек мелдеш кожоюну Дүйнөлүк рейтингде 5-орунда турган казак мушкери Мерей Акшалов менен кез келип, 3 раунддун жыйынтыгы боюнча 3:0 эсебинде жеңилди. Ушуну менен мелдешке барган кыргызстандык 9 боксчунун баары мелдештен четтеди. Айта кетсек, мелдешке Кыргызстандан Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Азат Үсөналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Медер Мамакеев (60 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Эркинбек Болотбек уулу (69 кг), Азамат Каныбек уулу (75 кг), Александр Панарин (81 кг), Сергей Паренко (91 кг) катышты. Эң жакшы жыйынтыкты Эрмек Сакенов көрсөттү. Эрмек мелдеш алкагында 3 атаандашын жеңип, чейрек финалга чейин жетти. Азат Үсөналиев менен Өмүрбек Малабеков 1/8 финалда казак мушкерлерине жеңилди. Ал эми калган боксчулар 1/16 финалдык беттештеринде жеңе алган жок. Бул Дүйнө чемпиондугу көрсөткөндөй бокс бул бир гана сокку узатуу менен чектелбейт, кол менен иштөө канчалык маанилүү болсо бут менен иштөө да чоң мааниге ээ экени далилденди. Биздин боксчулар сокку узатуу жактан эч бир өлкөнүн боксчуларынан кем калышкан жок. Бирок бут менен кыймылдоо жактан казак мушкерлери мурдатан бери мыкты боксчуларды тарбиялап келген Куба өлкөсүн да артта калтырды. Жалпысынан биздин боксчулар татыктуу беттештерди өткөрдү. Кийинки мелдештерде жөн гана татыктуу беттеш өткөрүп эле тим болбостон, байгелүү орундарга жетүү үчүн ушундай мелдештер мыкты сабак болот деп ишенебиз.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2013-10-23 23:04:48
aлтындын баарын эле казактар алышкан окшойт а.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан