СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган "Айтыш-2021" өтөт. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, "Айтыш-2021" республикалык "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына жана белгилүү төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата өткөрүлөт. Айтыштын тандоо туру 19-июнда КТРКнын концерттик залында өтөт, башталышы саат 10:00дө. Ал эми 20-июнда сынактын калган турлары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт, башталышы саат 18:00дө.
Сынактын байге фонду 1 миллион сом.