Бүгүн, 23-октябрь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында кыргызстандык кикбоксчулар Сталбек Дарканбаев (71 килограмм салмакта) менен Рашит Аманкулов (91 кг) жарым финалдык беттештерин өткөрүшөт. Анда Сталбек Дарканбаев орусиялык Никита Селянский менен кез келсе, Рашит Аманкулов Александр Дмитриенко менен беттешет.