FINCA Банк жаш ишкерлерди колдойт!

28-29-майда Бишкекте Enactus Kyrgyzstan 2021 улуттук сынагы болуп өттү, анын алкагында жеңүүчүлөр - өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга умтулган жаш лидерлер аныкталды.

FINCA Банк 3 жылдан бери башкы өнөктөш катары Enactus кыймылынын бардык демилгелерин колдоп келе жатат, анткени ал банктын озуйпасынын негизин түзгөн бир катар критерийлерге жооп берет. FINCA Банктын озуйпасы - адамдарга активдерди өстүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жашоо деңгээлин жогорулатууга жардам берүүчү узак мөөнөттүү чечимдерди түзүү.

Сынакка студенттик командалар катышып, өздөрүнүн ишкердик сапаттарын жана кызыктуу долбоорлорду түзүүгө жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы жеңүүчү, ал эми Кыргыз-Россия Славян университетинин командасы вице-чемпион деп табылды. Жеңүүчү команда Египетте өтө турган Enactus дүйнөлүк Кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Белгилей кетүүчү нерсе, FINCA Банктын кардарларынын 90%дан ашыгы ишкерлер болуп саналат. Ошондуктан биз өлкөдө ишкердикти өнүктүрүү боюнча ар кандай иш-чараларды колдоого ар дайым кубанычтабыз.
Жылдын эң маанилүү жаштар иш-чарасынын ушул жандуу атмосферасына кошулалы!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан