Эл аралык аккредитация – билим берүү программаларынын эл аралык жана европалык сапат стандарттарына шайкештүүлүгүн баалоо процедурасы, ал ENQA жогорку билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү Европа ассоциациясынын мүчөсү болуп саналган жана EQAR билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү агенттиктердин Европалык реестринде катталган аккредитациялык агенттиктер тарабынан ишке ашырылат.

Институционалдык аккредитация университеттеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, андагы билим берүү жана квалификация тууралуу документтеринин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде таанылуусуна көмөктөшөт, ошондой эле жогорку окуу жайындагы билим берүүнүн сапатына көз карандысыз баалоо жүргүзүү тууралуу коомчулукка маалымдайт.

Аккредитацияны аккредитация жана рейтингдин көз карандысыз агенттиги ишке ашырды.

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин администрациясы университеттин жана IT & Business Колледжинин ишмердүүлүгү менен таанышып кетүү максатында жума күнү, 4-июнда саат 17:00дө “Ала-Тоо” кампусунда боло турган Ачык эшик кечесине абитуриенттердин ата-энелерин чакырат.
Ата-энелердин бул кечеге төмөнкү шилтеме боюнча катталса болот:
https://forms.gle/YezhKNWWMWoQCsjR7“Ала-Тоо” Эл аралык университети – дүйнөгө ачылган каалга!
www.alatoo.edu.kginfo@alatoo.edu.kg+996555820000
+996312630407
Дареги: Бишкек ш., Анкара ⅛ көч., Тунгуч кчр.