Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Комсомол айылында сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Комсомол айылында 2004-жылы туулган бала Кемпир-Абад каналына жуунуп жатып сууга агып кеткен.
Куткарууга Сузак районунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, ИИБинен жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.
Кечээ, 1-июнда саат 17:21 чамасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.