Ырчы Съездбек Искеналиев кош той өткөрүп, жакындарынын батасын алды. Ал кызы Аруужандын тушоосун кесип, үй той өткөрдү. Салтанат борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүп, тар чөйрөдө белгиленгенин айткан ырчы буларга токтолду.
"4-5 жыл мурда баштаган үйдү толук бүтүрүп, той бердик. Кызыбыз Аруужандын дагы тушоосун кесип, кош маараке өткөрдүк. Жакшылыгыбызга жакын туугандарыбыз, санаалаштарыбыз гана чакырылган", - дейт ырчы.