Таласта 27-октябрда грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында 27-октябрь күнү грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери Канат Сыдыковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир өтөт. Ага Талас облусунун, Казакстандын, Бишкектин спортсмендери катышышат. Турнирдин уюштуруучулары жана демөөрчүлөрү Канат Сыдыковдун досу Кылычбек Дыйканбаев, иниси Манат Сыдыков.