23-октябрь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында кыргызстандык эки кикбоксчу жарым финалдык беттештерин өткөрдү. Анда 71 килограмм салмактагы кыргызстандык Сталбек Дарканбаев мелдеш кожоюну орусиялык Никита Селянский менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңилсе, Рашит Аманкулов (91 кг) да ушундай эле эсеп менен Александр Дмитриенкого жеңилип калды. Айта кетсек, буга чейин кыргызстандык кикбоксчу Кумар Жалиев (81 кг) мелдештин чейрек финалында жеңилген болчу. Ал эми мелдеш 26-октябрда жыйынтыкталат.