"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын "Сапарыбыз 5 жыл бирге!" акциясынын биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды. 27-майда түз эфирде кокустук сандар генераторун колдонуу менен акцияга катышкан бонустук карта ээлерине 999 баллдык 500 сертификат тартууланды.
"Сапарыбыз 5 жыл бирге!" акциясы 26-апрелде старт алган жана май куюучу жайлар тармагынын уникалдуу болгон "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасынын беш жылдыгына арналган. Программа иштеп баштагандан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында 250 миңден ашуун адам лоялдуулук карталарына ээ болушту.
Лоялдуулук программасы "Газпромнефть" май куюучу жайларында тамеки жана алкоголдук ичимдиктерден тышкары ар кандай сатып алуулар үчүн бонустарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Топтолгон бонустарды май куюучу жайдан каалаган сатып алууларга төлөм жүргүзүүдө 1 балл = 1 сомдон колдонсо болот.
Биринчи оюндун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси.
Оюндун жүрүшү көз карандысыз байкоочулардын, тагыраагы мамлекеттик финансы көзөмөл кызматынын өкүлү Жуманалы Жунусов жана "Газпромнефть" тармагынын Инстаграмдагы баракчасынын катталуучуларынын катышуусунда өттү.
Байгени кантип алса болот?
Сыйлык алуу үчүн жеңүүчүлөргө эч нерсе талап кылынбайт - упайлар лоялдуулук картасына автоматтык түрдө чегерилет. Баллдарды "Газпромнефть" тармагынын май куюучу жайларындагы дүкөндөрдөн май куюп же товарларды сатып алуу үчүн колдонсо болот. 1 балл = 1 сом.
Акция аяктаган жок. Экинчи этап башталды
Акциянын экинчи этабы 24-майда башталып, 20-июнга чейин созулат. Катышуу үчүн күйүүчү май куюучу жайдан "Сапарыбыз бир" берилгендик картасы аркылуу май куюп же товар сатып алуу керек. Сатып алуу суммасы 1000 сом болору менен катышуучу 1 виртуалдык билет алат. Сатып алуулардын көлөмүн жана виртуалдык билеттердин санын www.gpnbonus.kg сайтынан "Жеке кабинеттен" текшере аласыз www.gpnbonus.kg.
Оюндун экинчи баскычы жана финалдык бөлүгү 25-июнда болот. "Сапарыбыз 5 жыл бирге!" акциясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча номиналы 999 балл болгон 500 сертификат ойнотулат. Ошол эле күнү башкы байгеси 45000 упай болгон 15 сертификат үчүн мурунку этаптарда ута албаган бардык билеттер суперфиналга катыша алат. "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын оюндары Инстаграм баракчасы аркылуу түз алып көрсөтөт.
"Сапарыбыз 5 жыл бирге!" акциясы жана лоялдуулук программасынын артыкчылыктары жөнүндө толук маалымат:
"Сапарыбыз 5 жыл бирге!" акциясы - кантип жана эмнеге катышуу керек?
Кантип лоялдуулук программасынын катышуучусу болуу керек?
Баллдар кантип чогулат жана кандай эсептелет?
Топтолгон баллды кантип колдонуу керек?
Лоялдуулук программасы боюнча байма-бай берилген суроо-жооптор.