Жалаяк же тампондор – кайсынысын тандоо керек?

Бүгүнкү күндө аялдар үчүн интимдик гигиена каражаттарынын бир нече түрүн табууга болот. Жайкы сезондо аталган каражаттардын кайсынысын колдонуу ыңгайлуу болорун акушер-гинеколог, гигиеналык каражаттарды өндүрүүчү Bella компаниясынын медициналык өкүлү Райкан Асылбекова айтып берет.
Көп жылдар бою аялдардын жалаягы (прокладка) кеңири жайылган жана колдонууга ыңгайлуу болгон гигиеналык каражат болуп келет. Мындай каражаттар бир нече бренддер тарабынан даярдалып, күндүзгү жана түнкү болуп бөлүнөт. Бөлүнүп чыккан заттардын көлөмүнө жараша гигиеналык каражаттар өлчөөсү жана жоондугу менен айырмаланат. Колдонуучулардын ыңгайы үчүн өндүрүүчү тарабынан таңгактын бетине тамчылардын саны жазылат. Бул каражаттар 3 негизги түргө: "нормал", "лайт" жана "макси" болуп бөлүнөт. Мындан сырткары ар күнү колдонууга ыңгайлашкан ультра ичке түрү да бар.
"Жергиликтүү рынокто көптөгөн түрү менен айырмаланган Bella бренди кеңири жайылган. Бул бренддин айырмачылыгы: аба өткөрүп, "дем алууга шарт түзөт, теринин сезгенишине алып келбейт, жеңил жана колдонгонго жагымдуу", - деп түшүндүрдү Bella компаниясынын медициналык өкүлү Райкан Асылбекова.
Адис күн ысык мезгилде жеке гигиенага өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Жалаякты (прокладка) ар бир 2-3 саатта алмаштырып туруу керек. Ошондо сезгенүү, жагымсыз жыт сыяктуу көйгөйлөр тынчсыздандырбайт.
Жайкы сезонго тампондор көбүрөөк актуалдуу болуп турат. Бөлүнүп чыккан заттарды сиңирип алуу боюнча тампондор да mini, normal, super жана super plus болуп 4 түргө бөлүнөт.
"Сиз бассейнге же көлгө барсаңыз тампондор жеке гигиенанын алмашылгыс каражаты болот. Сууга түшкөндөн кийин дароо, ал эми күн ичинде 4-6 саат сайын алмаштырып туруу зарыл болот. Кээ бир учурларда тампондорду колдонууга каршы көрсөтмө берилет. Дарыгерлер аны төрөттөн кийинки учурда, сезгенүү ооруларынан дарылануу учурунда колдонууну сунушташпайт", - деп эскертти акушер-гинеколог.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан