Ушул жылдын 1-июлунан тартып онлайн контролдук-кассалык машиналарды колдонуу милдеттүү болот. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматы тегерек стол өткөрүп, анда алдыдагы пландар, долбоорлор, кызматтар тууралуу маалымат берилди.
Белгилүү болгондой, көрсөтүлгөн убакыттан тартып салык органдарында катталган фискалдык маалыматтарды реалдуу режимде өткөрүп берүү функциясы жок кассалык машинанын эски үлгүлөрү колдонулбайт. Ошондой эле мурда кассалык машинаны колдонуудан бошотулган субъекттер дагы 1-июлдан тартып ККМны колдонууга милдеттүү болушат.
Алсак, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген субъекттер:
- соода борборлорунда жана үйлөрдө аянты 10 чарчы метрге чейинки пункттарда товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткарууда;
- коомдук тамактануучу жайлар үчүн убактылуу пункттарды (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулмаларды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүүдө;
- соода аянтчасы 20 чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатууда.
Мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ишкердик жүргүзгөндөр:
- соода аянты 200 чарчы метрден ашык болгон стационардык түйүндөрүндө товарларды сатуу;
- дарыканаларда дары каражаттарын сатуу;
- аянты 200дөн ашык орундуу же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануучу жайлардагы кызмат көрсөтүү;
- стационардык жайлардагы медициналык кызматтарды көрсөтүү;
- медициналык лабораториялык кызматтар.
Жаңы стандарттарга жооп бербеген контролдук-кассалык машина Салык кызматынын каттоосунан чыгарылып, аны колдонгон субъектилер административдик айыпка тартылат.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов, төраганын орун басары Адилет Дубанаев жана инспектор Чынара Мамырбаева катышкан тегерек столдо “Смарт Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун жетишкендиктери жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов долбоордун алкагында алдыда 97 миллиард сом салык чогултууну пландап жатканын айтты.
“Смарт Салым” долбоорунун алкагында өткөн жылдын июнь айынан бери салык пландалгандан да 7,5 миллиард сомго көп чогултулду”, - дейт төрага.
Ошондой эле мекеменин жетекчиси 2021-жылдын январь-май айларында камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 15 миллиард сом түшкөнүн, план 373 миллион сомго ашыкча аткарылганын белгиледи. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард сомго көп камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналганын кошумчалады.
"Салык кызматы ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду жана адам факторун жокко чыгарып, салык төлөөчүлөрдү сервистик тейлөөгө өтүп жатат", - деди ал.
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу киргизилгенден баштап (2020-жылдын июль айынан бери) бюджетке салыктардын жана жыйымдардын келип түшүүсү көбөйдү. “Смарт Салым” платформасынын алкагында бир катар компоненттер иштей баштады. Алар:
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев “Смарт Салым” санариптик платформасына кененирээк токтолду. Айтымында, долбоор үч этаптан турат. Биринчи этап 3 айлык мөөнөткө түзүлсө, экинчи этап жыл аягына чейин түзүлөт. Ал эми үчүнчү этап кийинки жылдарга барып такалат. “Бүгүнкү күндө 14 миң 242 салык төлөөчү “электрондук эсеп-фактура” системасына катталган. Анын негизинде 817 миллиард сом суммасында 6 миллион эсеп-фактура таризделген. Электрондук эсеп-фактура системасына жазылуу акысыз, байланышсыз жана күнү-түнү ишке ашырылат.
Ал эми кошумча нарк салыгы жана кыйыр салыктарды чогултуу башталгандан бери план дээрлик 4 миллиард сомго ашыкча аткарылды", - деди Дубанаев.
Ал белгилегендей, салык башкаруу тутуму мобилдик тиркемелердин форматына өтөт. Бүгүнкү күндө программалык кассалык аппарат иштелип чыккан. Учурда уюлдук операторлор кассалык программанын мобилдик тиркемесин иштеп чыгышты. Контролдук-кассалык машина программасын ишке киргизүү менен атайын аппараттык кассаларды сатып алуунун зарылдыгы болбойт. Программалык кассалар акысыз, болгону бир айлык акы төлөнөт.
Ал эми мекеменин ушул жылдын 1-июлунан тарта ишке киргизе турган пландарына онлайн контролдук-кассалык машинаны колдонуудан тышкары төмөнкүлөр кирет: