"Жолу ачык болсун". Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашова кызына тушоо той берди (фото)

Кечээ, 4-июнда чыгармачыл түгөйлөр Арнис Кыдырмышев жана Альбина Имашова кызы Асманга тушоо той беришти. Салтанат борбордогу ресторандардын биринде болуп өттү. Актриса Имашова тойго 170 киши чакырылганын, конокторунун баары келгенин айтты.
"Тандап-тандап отуруп ушунча киши чакырдык эле. Баары келип берди. Пандемияны да эске алдык. Тойдон кийин бизди чакырып койсоңор болмок дегендер болуп жатат. Ошентсе да келгендердин маанайын карасак, той жакшы, шаңдуу өттү. Асман кызыбыз 10-июнда бир жашка чыгат. Ошого кызыбыздын жолу ачык болсун деген жакшы тилек менен тушоо кесүүсүн кылдык. Баары ойдогудай болду", - деди актриса.

Тушоо тойго түгөйлөрдүн жакындары, достору, кесиптештери келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aimani
2021-06-05 16:09:03
Асман бактылуу, омурлуу, ыймандуу келечеги кен кыз болсун
+7
Asmat84
2021-06-06 11:58:50
Бул актриса жанагы ким эле айыл өкмөттөгү мелиса экөө жакшы жубай болуп аткарышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан