Эртең, 7-июнда Япониянын Осака шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Монголия курамасына каршы ойнойт. Эртеңки каршылаш Монголиянын акыркы оюндары, тайпадагы абалы жана ФИФАдагы рейтинги тууралуу Кыргыз футбол союзу жарыялады.
Кыргыз курамасы менен Монголия тарыхында бир гана жолу беттешкен. Анда ушул эле тайпадагы оюн болуп, Монголия өз үйүндө Кыргыз курамасын кабыл алып, 1:2 эсебинде жеңилген. "Ак шумкарлардан" голду Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев жараткан. Коронавирус пандемиясы болбогондо бул оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөк.
Монголия курамасы 7 оюндан жалпы 3 упай топтоп "F" тайпасында 5-орунда келүүдө. 2021-жылы 30-мартта бул команда Японияга 0:14 эсебинде утулуп, команданын башкы машыктыруучусу кызматынан алынган. 8-апрелде Монголиянын Футбол федерациясы япониялык Масэ Шуичини улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кылып дайындаган.
"Ак шумкарлар" менен боло турчу оюнга Монголия 24-майда даярданып баштаган жана башкы машыктыруучу улуттук курамага 23 оюнчуну чакырган. Бул Монголиянын тайпадагы акыркы оюну.
ФИФАнын май айындагы рейтингинде Монголия курама командасы 192-орунду, ал эми Кыргыз курамасы 99-орунду ээледи. Эки команданын беттеши Осака шаарындагы 42 миңден ашуун көрүүчү бата турган "Янмар Стэдиум" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.
SUPER.KG порталынан Кыргыз өлкөсү - Монголия беттешин онлайн окуй аласыздар.