Бүгүн, 7-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Монголия курамасына каршы беттешет.
Бул оюнда Кыргыз курамасы оюндун номиналдык ээси катары талаага чыгат. Анткени бул оюн 2020-жылы Кыргыз курама командасынын өз үйүндө өтүшү керек болчу. Атаандаш Монголия курама командасы ачык көк түстөгү форма менен оюн талаасына чыгат.
SUPER.KG порталынан Кыргыз өлкөсү - Монголия беттешин онлайн окусаңыз болот.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.