Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Түркиянын Стамбул шаарында өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирди.
Байге фонду 25 миң доллар болгон мелдешти Ксения Палкина тандап алуу турунан баштайт. Эске салсак, Ксения Палкина үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык мелдештин жупта жана жалгыздан ойноо бөлүктөрүндө жеңүүчү аталган.