Чүй облусунун Лебединовка айылында белгисиз эркек киши Чоң Чүй каналына түшүп кетип, издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндө ЧЧКда (БЧК) эркек киши (аты жөнү такталууда) сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат "102" кызматынан түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылды. 7-июнь күнү издөө иштери улантылат", - деп билдиришти ӨКМдан.