Ташчайнар каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеров алдамчылыкка шектелип, иш сотто каралып жаткан. Соттук процесс айыптоочулардын келбегендигине байланыштуу дагы жылдырылды.
Бул тууралуу Нурлан Алишеров тарабынан белгилүү болду.
"Айыптоочу тарап соттук отурумга келбей жатат. Мындан улам прокурор судьядан айыптоочуну күч менен алып келүүнү өтүндү. Судья келтирилген өтүнүчтү канааттандырды", - дейт ал.
Эске салсак, Нурлан Алишеров 2 жыл мурда Каныкей аттуу кызга АКШга виза алып бермекчи болуп жарым акчасын алганын жактоочу билдирген. Бирок Нурлан Алишеров бул жалган жалаа экенин айткан.
Бул иш боюнча материалдар топтолуп, Биринчи Май райондук сотуна кароого жиберилген. Биринчи процесс 16-апрель күнү саат 15:00гө дайындалганы маалым болгон.