Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 6-июнь туулган күнүндө Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында чыгармачылыктагы үзөңгүлөш санаалаш досторунун коштоосу менен жеке концертин берди.
Аба ырайынан улам катуу шамал болуп, залдагы электр жарыгы өчүп, бирок эл жандуу концерт көрүп кетпей отурганын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев өзүнүн баракчасына бөлүшүп, "мындай концерт өзүбүзгө дагы жагып жатат" деп жазып, видео жүктөдү.
Малик Аликеевдин концертине Кыргыз Эл артисти Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Амантай Кутманалиев, Сыймык Бейшекеев, манасчы Рыспай Исаков, ырчылар Гүлгаакы Сагындыкова, Өмүрзак Кайыпов, Турдукан Сарбанова, алып баруучу Айбек Келсинбеков катышкан.