Биз социалдык тармакта

Жабыркагандар жок. Ош облусунун аймагында чагылган түшүп, өрт чыкты

Ош облусунун аймагында чагылган түшүп, анын кесепетинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июнь күнү саат 22:20 чамасында Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Кызыл-Кошчу айылында диаметри 80 сантиметр, бийиктиги 6 метр болгон талга чагылган түшүп өрт чыккан.
Саат 22:57де өрт чектөөгө алынып, 23:17де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zumrudianka
2021-06-08 18:54:43
Аллахым сактасын айттырбай келчуу апааттан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан