"Керемет Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы, аталган каржы мекемесине үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынан (январь) тартып башчылык кылып келе жаткан мырза Токтогул Рысбек банктын аталган мезгил ичиндеги иш жыйынтыгы менен ой бөлүштү:
"Пандемиялуу 2020-жыл көптөгөн компаниялардын бизнеси үчүн көйгөйлүү болгондугуна карабастан "Керемет Банк" өз ишин татыктуу аркалай алды. Айталы, акыркы отчёттук датага карата каржылык көрсөткүчтөр банктын динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. Бүгүн "Керемет Банк" буга чейин болуп келген чыгашалар менен байланышкан көйгөйлөрдү артка калтырып, биринчи жолу кирешелүү көрсөткүчтү камсыз кылгандыгын баса белгилей кетким келет, тагыраак айтканда ал 2021-жылдын 31-майына карата 30,7 млн. сомду түзгөн (өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата Банк чыгашасы 172 миллион сомду түзгөн)".
Бул өңдүү каржылык көрсөткүчтөргө албетте банк ишин илгерилетүү боюнча Улуттук банктын иш-чаралары жана жетекчиликтин сабаттуу чечимдери жагымдуу таасир эткен. 2019-жылкы ребрендингден жана этап-этабы менен өткөрүлгөн капиталдаштыруудан кийин "Керемет Банк" өлкө рыногундагы өз позициясын байкаларлык түрдө бекемдей алган.
"Эгерде рыноктогу кырдаал жагымсыз жагына өзгөрбөсө, анда "Керемет Банк" ар бир айдын кирешелүү болуусуна мүмкүнчүлүк алып, 2021-жылды жагымдуу көрсөткүчтөр менен жыйынтыктайт", - дейт Рысбек Токтогулович ишенимдүү түрдө.
Албетте, бардык тенденциялар бул болжолдоолордун аткарылышына шарт түзөт.
Бүгүн "Керемет Банк" алгач ирет кайрылып жаткан адамдын өздүгүн аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал эми "Керемет Банктын" кардарлары уюлдук жана интернет-банкингдерге кошулушуп, карт эсептерин жана эсептешүү эсептерин ачышып, акча которушуп, аманаттар боюнча иш алып барышып, 200дөн ашык ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө төлөм жүргүзүшүп, көптөгөн башка банктык операцияларды банкка келбестен эле өз алдынча түрдө жүзөгө ашырышууда.
Банктын алдында дагы көптөгөн пландар бар. Дүйнөлүк тенденцияларга ылайык "Керемет Банк" калк арасында кеңири жайылтуу үчүн санариптик чечимдерди жана технологиялык банктык өндүрүмдөрдү активдүү түрдө жайылтуу иштерин улантат, ошондой эле онлайн-насыялоо жана күрөөсүз ыкчам насыяларды, бизнес-ипотека, бизнес-овердрафт жана башка талап кылынуучу кызматтарды жайылтууну колго алат.
Белгилей кетчү нерсе, негизги акционер тарабынан жүргүзүлгөн докапиталдаштырууга ылайык "Керемет Банк" акыркы эки жыл ичинде бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине жеңилдетилген ипотека берүү боюнча масштабдуу долбоор болуп саналган "Социалдык ипотеканы" ийгиликтүү түрдө ишке ашырууда. Программа ишке киргизилгенден тартып, тагыраак айтканда 2019-жылдын май айынан баштап Кыргыз Республикасынын бардык облустары боюнча алганда 1 400 үй-бүлө жеткиликтүү турак-жайга ээ болушкан.
"Керемет Банк" АККсынын башчысы Рысбек Токтогуловичтин айтуусу боюнча: "Жаңыланган "Керемет Банк" Кыргызстандын банктык рыногунда дагы деле болсо стратегиялык чоң мааниге ээ жана жакынкы мезгилдерде ал заманбап өндүрүмдөр, карттык кызматтар жана төлөм инструменттер жаатында өлкөбүздүн катуу өнүккөн эң ири технологиялык банкы болуп калуусу ажеп эмес".