"Мурунку жолдошум өлтүрөм деп коркутуп жүрөт". 4 балалуу келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып чыкты

Чүй облусунда 4 балалуу келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келет. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Текст өзгөртүүсүз берилет:

"Мен жолдошум тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келдим. Акыркы жолу жолдошум мени катуу сабады. Натыйжада 22 күн ооруканада жаттым. Бул окуядан кийин Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылып, арыз каттоого алынган. Бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы денедеги жаракаттарга карабастан ден соолукка зыян келтирген эмес деген тыянак чыгарган.

Жолдошум мурунку бажы кызматкери, анын тааныштары жана акчасы көп. Мен ажырашууга арыз жазгам, бирок ал каршы болду. Буга карабастан биз баары бир ажыраштык. Ал ушуга чейин мени өлтүрөм деп коркутуп жүрөт. 4 балабыз бар, балдар мени менен батирде жашашат. Кечээ кечинде (ред. 7-июнь) ал мени дагы ур-токмокко алып, телефонумду ачык эле тартып алды. Унаамдын алдыңкы терезесин жана телефонумду сындырды. Мен акыркы күчүм менен жазып жатам. Бүгүн (ред. 8-июнь) дагы Аламүдүн РИИБине экинчи жолу арыз жаздым", - деп билдирген келин.

Бул маселеге байланыштуу SUPER.KG порталы Чүй ОИИББине байланышканда, бул маалымат текшерилип жатканын кийинчерээк толук маалымат беришерин убада кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KBD1987
2021-06-08 16:48:25
Аял кишилерге кол которгон эркектерге уят, просто уят!
+9
AidaKurman
2021-06-08 16:56:49
Колун сынгыр.
+7
alym21
2021-06-08 17:43:01
Жон калтырбаныз,укук коргоочу,акыйкатчы,аялдар кризис борборуна массалык маалымат,интернеттеги Молодые мамочки ж.б Ассоль Молдокматовага айтор бардык жерге кайрылыныз,интернетке суротун чыгарыныз, жон жатпаныз, мындай мыкапчылар олтуруп койгондон да кайра тартпайт.
+6
kuba1985
2021-06-08 18:04:35
Жестко. Эң слабый эркек аялын сабайт..
+4
Taalaibek.
2021-06-08 18:51:50
Коркок эркектер аялына кол которот. Себеби аялы мыкты болгон учун. Эркек эмей эле акмак экенсин!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан