Чүйдө мурдагы күйөөсү тарабынан токмок жегенин айткан келиндин окуясы боюнча териштирүү иштери башталды.
8-июнда Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарынын 1982-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда Кырман айылындагы үйлөрдүн биринде ошол эле күнү эртең менен арыздануучуну мурдагы күйөөсү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, денесине залал келтирген. Андан кийин унаасынын терезесин сындырып, телефонун талкалаган.
Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене ("бейбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө арыз ээси төмөндөгүлөрдү билдирген.
"7-июнь күнү мурдагы күйөөсү келип, уюлдук телефонун алып кетип калган. Эртеси күнү телефонун алуу үчүн сиңдиси менен мурдагы күйөөсүнүн үйүнө барып, жогорудагы окуяга кабылган".
Мындан тышкары Аламүдүн РИИБине 1985-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, денесине залал келтирген жаранга карата чара көрүүнү суранган. Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене ("майда бейбаштык") менен катталды.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.