Компаньон Банкы жана россиялык СберБанкы кардарлардын үмүттөрүн актап, алар үчүн мобилдүүлүктүн, ыңгайлуулуктун жана пайдалуулуктун жогорку деңгээлине жол ачкан аралыктан акча которуулардын жаңы ыкмаларын биргелешип киргизип жатышат.
Эми «Кошелек Компаньон» капчыгынын колдонуучулары үчүн кезектеги жаңылыктардын бири болуп эң популярдуу россиялык «СберБанк Онлайн» банктык тиркемеси аркылуу Россиядан акча которууларды «Кошелек Компаньон» капчыгына алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.
Жаңы кызматты «Кошелек Компаньон» тиркемесинин ээлери Кыргызстандын бүткүл аймагында колдоно алышат. Ал үчүн «Кошелек Компаньон» тиркемесин смартфонуңузга орнотуп, идентификациялоодон өтүшүңүз керек. "Кошелек Компаньон" тиркемесин Google Play же AppStore’дон акысыз жүктөп алуу.
Акчаны которуу үчүн комиссияны Россиядагы СберБанктын тарифтерине ылайык жөнөтүүчү төлөйт. Которулуп жаткан акча жөнөтүү учурунда мобилдик тиркемеде көрсөтүлгөн курс боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат.
Комиссия (рубль менен) - которуунун суммасынан 1% түзөт (мин. 30 руб., макс. 1000 руб.)
Акча которуулар Кошелек Компаньон балансына дароо түшөт. Кызмат жөнүндө кененирээк маалымат.
Компаньон Банкынын кардарларды колдоо кызматы: 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).