Эфиопиялык жеңил атлетчи Летесенбет Гидей Нидерландыда өткөн мелдештеги 10 миң метрге чуркоодо жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы спортчу 10 миң метр аралыкты 29 мүнөт 1,3 секундда чуркап өтүп, 6-июнда голландиялык Сифан Хассандын жаңылаган дүйнөлүк рекорду кайра жаңылады. Сифан Хассан бул аралыкты 6-июнда 29 мүнөт 6,82 секундда чуркап өткөн.
Буга чейинки рекорд "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарында жаңыланган. Анда эфиопиялык жөө күлүк Алмаз Аяна 10 миң метр аралыкты 29 мүнөт 17,45 секундда чуркап өткөн.