25-27-октябрь күндөрү Бишкекте кармашуу (рукопашный бой) боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрь күнү Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинде өтүп, чемпиондук милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналмакчы. Мелдеш Дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан уюштурулуп, жыйынтыгында 15-18-ноябрь аралыгында Орусиянын Нальчик шаарында өтүүчү Азия чемпиондугуна катышуучу Кыргызстандын курама командасы түзүлөт.