Ырчы Ильяс Кудретов үчүнчү ирет ата болду

"Добулбас" тобунун солисти, учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан Ильяс Кудретов уулдуу болду. Үчүнчү ирет ата болгон ырчы эне, баланын абалы жакшы экенин айтат.

Белгилүү болгондой, ырчынын жубайы кечээ, 9-июнда саат 16:30 чамасында көз жарды. Наристеге Мухаммад деген ысым ыйгарайын деп жатканын кошумчалады ырчы.

Ильяс Кудретов менен жубайы Нурзада 2017-жылы Наима аттуу кыздуу болушса, 2019-жылы (9-июнда) Абдулла аттуу уулдуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaz99
2021-06-10 20:13:32
Суктанам ушуларга коз тийбесин омурлуу жигиттерден болушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан