1-3-октябрь аралыгында Бишкектеги Карвен столдук теннис борборунда стол теннис боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрь күнү Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Стол тенниси ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөр Ардак грамота жана дипломдор менен сыйланат.