Ырчы Калыс Жакыпов акыркы учурларда казак ырчыларынын ырларын кавер аткарып жүрөт. Коңшу өлкөнүн айрым ырчылары ырларын аткарганы үчүн Калыс Жакыповго доо артышты. Бул тууралуу Калыс мырза менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, доо койгондор Нурболат Абдуллин жана Рахымжан Жакайым деген казак ырчылары.
"Мен Рахымжан Жакайымдын "Сен мага массың" деген ырын кавер аткарып, Ютубга жарыялап койгом. 4 күндүн ичинде бул ырдын кароосу көп болду. Рахымжан Жакайым менден ырды интернет желесинен өчүрүүнү же 2 миң доллар берип, каалаганча аткарып жүрө берүүмдү талап кылды. Буга байланыштуу ырды өчүрдүм. Ал эми Нурболат Абдуллин "Вальс" деген ырды кавер аткарганым үчүн сотко берди, мен ага көңүл бурбай койдум. Азыркы тапта эмне болуп жатканын билбейм", - деди ал.
Шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү казак ырчыларынын бул кылганын туура эмес деп баалашып, доо арткандар деле кыргыз ырларын аткарып жүрөрүн белгилешти.