"Кыргыз темир жолунун" мурдагы директору Василий Дашков УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту бүгүн, 10-июнь күнү Дашковдун баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында ал 8-августка чейин СИЗО-1ге камакка алынды.
Эске салсак, буга чейин, 9-июнда УКМК Дашковдун кармалганын маалымдаган. Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турганда миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгону аныкталган. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1 миллиард 500 миллион сомго бааланган.
Василий Дашков ээлеген кызматынан 25-мартта бошотулган. Буга чейин иликтөөчү журналисттер аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялаган болчу.