Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев 21-27-октябрь аралыгында Казакстандын Чымкент шаарында өтүп жаткан байге фонду 10 миң доллар болгон Эл аралык мелдештин жарым финалына өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрь күнү Эл аралык теннис федерациясы билдирди. Анда Данияр мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө 3-беттешин жеңип, жарым финалга өттү. Жарым финалда Данияр орусиялык Михаил Фуфягинге каршы беттешет. Ал эми мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө Данияр орусиялык Фёдор Червяков менен бирге биринчи беттешинде жеңилип, мелдештен четтеп калган.