Ак-Талаада жамгырдын кесепетинен 18 турак үйдүн короолорун суу каптады

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Кадыраалы айылында кечээ, 10-июнда жамгырдын кесепетинен 18 үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, саат 20:00дөн тартып жаап жаткан жамгырдын кесепетинен Кадыраалы айылында жайгашкан 18 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 1 экскаватор, менчик 1 экскаватор, Ак-Талаа райондук №47 ӨКБдан 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.

Арыктар тазаланып, суу каптоо кесепети жоюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан