"Керемет Банк" экологияны жакшыртуу жана шаардын келбетин көрктөндүрүүгө өз салымын кошуу менен "Ынтымак-2" сейил багын жашылдандыруу үчүн Бишкек мэриясына көчөттөрдү белек кылды. Борбор калаа үчүн жашыл дарактардын маанилүүлүгүн жана шаар жашоочуларынын арасында сейил бактарга болгон популярдуулуктун өсүп бара жаткандыгын эске алып, "Керемет Банктын" жумушчулары муниципалитет менен биргеликте экоакция уюштурган, ал акцияны Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнашкан.
Көтөрүлгөн демилгеден улам "Ынтымак-2" сейил багынын аллеяларын "Керемет Банк" тарабынан акысыз негизде өткөрүлүп берилген 30 түп липа дарагы менен 30 түп клён дарагы (майда жалбырактуу липа жана чынар жалбырактуу клён) көрктөндүрүп, жашылдандырып турмакчы.
* Майда жалбырактуук липа – ыңгайлуу сүйрү таажылуу жана цилиндр формасындагы жука сөңгөктүү, бийиктиги 30 метрге чейин жеткен дарак.
* Чынар жалбырактуу клён - кенен, калың жана шар түрдүү таажылуу, жука сөңгөктүү ири жалбырактуу дарак.
Дарактардын ушул түрү, Э.Гареев атындагы ботаникалык бакчанын илимий кызматкерлеринин кеңешинин негизинде жана "Ынтымак-2" сейил багынын бекитилген долбоорунан улам тандап алынган. Липа жана клён артыкчылыктуу болуп саналышат: бакча жана сейил бактарда кеңири колдонулат, кургакчылыкка көтөрүмдүү, шаар шарттарына ыкташкан, экологияга оңтойлуу таасирин тийгизишет жана чаңды басаңдатат.