“Сармерден” долбоорундагы шайыр жеңе, ырчы Анара Шайымкулова бүгүн биздин маек төрүбүздө. Чыгармачылыгы токтоп турган учурда ар кайсы тармакта иштеп көргөнүн айтат. "Артист болуу - аял киши үчүн оор" деген ырчы "учурунда жумушка баруу үчүн балдарыбызды үйгө жалгыз калтырып, сыртынан жаап жетчүбүз" дейт. Жашоосундагы кызыктар жана Гүлзат Батырканова, Гүлбү Ороскул кызы туурасында кенен айтып берди.