Юлия Руцкая Түркиядагы сынакта калыстын милдетин аркалады
Юлия Руцкая Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Shining star" ("Жаркын жылдыз") Эл аралык фестиваль-сынакка калыс катары катышып кайтты. Бул тууралуу ырчы айым: "Молдовадагы конкурста баш байгени алып келгенден кийин мени аталган сынакка калыс катары чакырышты. Мен биринчи жолу мындай чоң сынакта калыс болдум. Калыстар тобунун катарына Орусия, Италия, Болгария, Грузия, Румыния, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн белгилүү композиторлору жана аткаруучулары кирди. Ар кайсы өлкөлөрдөн таланттуулар катышып, эң мыктысын тандап чыгуу жеңил болгон жок",- деп билдирди.