
Чүйдө өспүрүм бала кудукка түшүп кетти. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"13-июнда саат 21:53 чамасында Чүйдүн Шамшы айылында кудукка өспүрүм түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жерине ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, кудуктан 2007-жылы туулган Р.Н. аттуу баланы чыгарышкан. Учурда абалы жакшы", - деп жазылат маалыматта.