Бүгүн Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында бел боо күрөш боюнча мелдеште Нурбек Аканов менен Имангазы Койлуев килемге чыгат

Бүгүн, 25-октябрь күнү Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында бел боо күрөш боюнча мелдеште кыргызстандык Нурбек Аканов (90 килограммдан өйдө) менен Имангазы Койлуев (90 килограммдан өйдө) килем үстүнө чыгат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. Азырынча кыргызстандык балбандардын атаандаштары белгилүү боло элек. Эске салсак, аталган мелдешке Кыргызстандан 13 спортчу катышууда. Буга чейин өткөн тай бокс боюнча мелдеште Данияр Кашкараев, кикбоксчулар Сталбек Дарканбаев менен Рашит Аманкулов коло медаль тагынган. Жалпысынан Кыргызстан 3 коло медаль менен 43-орунда келе жатат. Алдынкы сапта 68 медаль менен Орусия, 2-орунда 22 медаль менен Франция жана 3-орунда 20 медаль менен Япония келе жатат. Мелдеш 26-октябрь күнү жыйынтыкталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан