Бишкекте ССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата айтыш өтөт. Бул тууралуу жаш төкмө акын Темирбек Матыбаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган "Республикалык айтыш-2021" сынагы өтөт. Тандоо туру 19-июнда саат 10:00дө "Манас" кинотеатрында болот. Байге фонду 1 миллион сомду түзгөн айтыш 20-июнда 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт", - дейт Матыбаев.