Сиздердин компания рынокто иштеп жатканына канча убакыт болду? Сиздерде башка өлкөлөрдө иштөө тажрыйбасы барбы?

"ФинТерминал" ЖЧКсы өз ишин 2019-жылдын март айынан баштап «Акчамат» соода маркасы астында жүргүзүп келет

Ооба, "Акчамат" компаниясы көп жылдык тажрыйбасы, оң таржымалы бар, эл аралык компаниялардын тобуна кирет жана өз ишин Европанын, Азиянын жана Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө, атап айтканда Румынияда, Украинада, Молдовада, Азербайжанда, Монголияда, Филиппиндерде, Намибияда жана башка өлкөлөрдө жүргүзөт.

- Дүйнөдө ушул сыяктуу компаниялар кандай принцип менен иштейт? Тарифтик саясатты ким белгилейт?

Биз сыяктуу компаниялардын негизги принциби инновациялуулук, бир нече чыкылдатуу менен займ алуунун жеткиликтүүлүгү жана ылдамдыгы болуп саналат.

Биз – жогорку технологиялык деңгээлде толук автоматташтырылган, аралыктан кардарларды идентификациялоону жана верификациялоону, аралыктан скорингди жана займдарды берүүнү жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасындагы биринчи жана жалгыз компаниябыз. Биздин программалык камсыздоо ар кандай көрсөткүчтөр боюнча аналитиканы түзөт, бул кардарларыбызга оптималдуу шарттарда шашылыш акча алуу, ал эми бизге – тобокелдиктерди минималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Эгерде кредиттик уюмдар жана 1 айга чейин күрөөсүз микрозайм берген уюмдар менен салыштырсак, биз жарандардын өтө шашылыш муктаждыктарын канааттандырабыз. Мындай займдар акча конкреттүү убакытта конкреттүү жерде (ушул жерде жана азыр) зарыл болгон, ал эми капчыкта же банк картасында акча каражаттары жетишсиз болгон кырдаалда талап кылынат.

Бул:

* жолдо автоунаанын бузулушу,

* дарылануу же дары-дармек,

* транспорттук чыгымдар,

* башка шашылыш жана кечиктирилгис муктаждыктар жаралган, азыр жана эмгек акыга чейин карыз алуу зарылчылыгын жараткан кырдаал болушу керек.

Кредиттик уюмдар төлөө жөндөмдүүлүгүн, үй-бүлөлүк абалын, кепилдик берүүнү, жубайынын макулдугун, насыя таржымалын, активдүү насыялардын болушун ырастаган көптөгөн маалымкаттарды берүүнү, кредиттик уюмдун кызматкерине жашаган жерин жана бизнес жүргүзгөн жерин көрсөтүүнү талап кылат. Биз болгону аты-жөнүн күбөлөндүрүүнү, башкача айтканда паспортуңузду берүүнү өтүнөбүз!

Расмий эмгек маянасы туруксуз же аз болгон адамдар 3 күндөн 10 күнгө чейин өтүнмөнү кароону күтүшү керек. Мында кредитти алууга өтүнмөнү жол-жоболоштуруу ал сөзсүз жактырылат дегенге кепилдик бербейт.

Күрөөканаларда займчы пайдаланып жаткан мүлктү күрөөгө калтырышы керек, мында мүлктү рыноктук наркынан кыйла төмөн баалашат жана берилген займдын суммасынан кыйла жогору болгон мүлктү жоготуу же жүрөгүнө жакын буюмдардан айрылуу тобокелдиги болот.

Биздин компанияда күрөөнүн кереги жок, ал эми займды көз ирмемде алууга болот.

Ар бир өлкөдө тарифтик саясатты жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү бар, ошол эле убакта окшош жактары дагы бар. Алсак, көпчүлүк өлкөлөрдө ченемдик актылар менен сый акынын чектелүү коюму белгиленген, андан ашырбай ар бир компания өзүнүн ички тарифтик саясатын бекитет.

«Акчамат» бренди кирген компаниялар тобу бардык өлкөлөрдө иштин мыйзамдуулугун сактоону жана мыйзамдар менен белгиленген коюмдан ашпоону катуу көзөмөлдөйт.

- Сиздердин компаниянын иши кайсы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат? Бул үчүн лицензия алуу керекпи?

Биздин ишмердүүлүк биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 34-бөлүмү менен жөнгө салынат.

Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамы менен лицензиялана турган экономикалык иштин түрлөрүнүн реестри белгиленген. Бул реестрде күрөөсүз карыз берүү каралган эмес.

Терминалдар аркылуу тез займ берүү сыяктуу ишмердик түрү Кыргызстандын аймагында жаңы болуп саналгандыктан жана өзүнө жаңы жогорку технологияларды пайдаланууну камтыгандыктан, ушуга окшош иш түрүн жөнгө салган мамлекеттик органдар көбүнчө бизди кредиттик же күрөөкана уюмдарына салыштырышат, бирок бул бөлөк ченемдик актылар менен жөнгө салынуучу башка ишмердик түрлөрү болуп саналат.

- Сиздердин ишмердикке салык салынабы?

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн экономикалык ишмердиктин бардык түрлөрүнө салык салынат. Ушундан улам “Акчамат” компаниясы ак ниеттүү салык төлөөчү болуп саналат, салык мыйзамдарын сактайт жана бардык салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөйт.

- Адамдар карызды кыйналуу менен байланыштырышат. Сиздердин компания чоң пайыздар менен кредит берген банктардан эмнеси менен айырмаланат?

Албетте, карыз – бул башка бирөөнүн акчасын пайдалануу жана пайдаланганы үчүн пайыздарды же комиссияларды төлөөнү түшүндүрөт. Зайым берген бардык уюмдар зайымды уюштуруу жана мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда аны талап кылуу менен байланыштуу чоң чыгаша коротот, ошондой эле аны толук кайра кайтарбоо тобокелдигин тартат.

Биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, жол берилген чектүү пайыздык коюмдан ашпаган зайымды беребиз.

Пайыз түрүндө алганда, “эмгек акыга чейинки карыз” чоң сезилиши мүмкүн, бирок зайым суммасы өтө кичине болгондуктан, ашыкча төлөө жана пайыздар аз болот.

Биздин кардар ал канча төлөй турганын так билет, эч кандай жашыруун кызмат көрсөтүүлөр, ашыкча төлөөлөр же комиссиялар жок.

- Сиздерде жашыруун пайыздар жок деп айттыңыз. Сиздердин компаниянын банктардын алдында дагы кандай артыкчылыктары бар?

Артыкчылыктары көп, негизги артыкчылыктарын белгилей кетейин:

- Банктарда мындай продукт таптакыр жок. Банктан 15 күнгө 2000 сом карызга алуу мүмкүн эмес.

- Займ алуунун жөнөкөйлүгү, бир нече ирет кнопкаларды басуу – өздүгүн күбөлөндүргөн документ гана керек.

- Терминалдар жакын жерде жайгашкан.

- Займчынын жеке убактысын кыйла үнөмдөө

- Майрам жана дем алыш күндөрсүз 24/7 режиминде иштейбиз

- Биз эмгек акы жана кирешелер жөнүндө маалым кат талап кылбайбыз, кепилдик берүүчүлөрдү, жашаган жеринен маалым катты жана башка документтерди талап кылбайбыз;

- Эч кандай жашыруун комиссиялар жок, займчы 1000 сом сураса, 1000 сом алат. Кредиттик уюмдарда 1000 сом сурасаң, караганы, камсыздандыруу үчүн, кредиттик-маалыматтык бюродо текшерүү үчүн кошумча төлөйсүз.

- Займды үйдөн чыкпай, каалаган ыңгайлуу жол менен төлөөгө болот.

- займды жарым-жартылай төлөө же узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

- Зайым алуу үчүн жарандан жеке маалыматтарын берүү талап кылынат. Алар кайда сакталат жана кандай корголгон? Бул зайымчылардын укуктарын жана коопсуздугун бузбайбы?

Займ алуу үчүн биз, башка уюмдар сыяктуу эле, займды кимге берип жатканыбызды билгибиз келет жана билишибиз керек. Жарандын аты-жөнүн ырастаган расмий документ паспорт болуп саналат. Паспорттук дайындарынан тышкары биз займчылар жөнүндө башка маалыматтарды дагы топтойбуз.

Займ келишимин жол-жоболоштуруу үчүн биз аны эки тарабынан сканерлөөнү өтүнөбүз, ошондой эле займды жол-жоболоштурган адам жана паспорттогу жаран бир эле адам экенине ишенимдүү болуу үчүн реалдуу убакытта фотосүрөткө түшүүнү өтүнөбүз. Буга кошумча займ келишимин түзүүнүн талашсыздыгын ырастоо үчүн бармактын изин коюуну өтүнөбүз.

Биометрикалык дайындар боюнча мыйзамга ылайык, адам макулдуктун негизинде жеке дайындарын бөлүшө алат, мындай макулдукту биз ар бир займды жол-жоболоштурууда ар бир займчыдан алабыз.

Коопсуздукка токтолсок - мыйзам талаптарына ылайык жеке маалыматтарды сакталышына толук жоопкерчилик алабыз жана кепилдик беребиз.

Буга кошумча бардык маалыматтар Кыргызстандын аймагында ишенимдүү корголгон серверлерде сакталганын, серверлер көп деңгээлдүү коргоого ээ экенин, маалыматтардын агып чыгуу мүмкүндүгү жок жана болушу мүмкүн эмес экенин баса белгилей кетейин.

- Эгерде займчыда мөөнөтү өткөрүлгөн төлөмдөр болсо кандай чараларды көрөсүз?

Компания тарабынан мөөнөтү өткөрүлгөн карыздардын пайда болушунун алдын алуу жана минималдаштыруу үчүн иш-чаралар комплекси иштелип чыккан. Бул иш-чаралар займды жол-жоболоштуруу учурунда, биз займчыга өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша займ мөөнөтүн 5 күндөн 21 күнгө чейин аныктоо мүмкүнчүлүгүн бергенде башталат. Ошондой эле биз алдын ала пландуу төлөө күнүнө чейин СМС-кабарлоо жөнөтөбүз жана 1 күн мурда компаниянын кызматкерлери займчыга чалып маалымдашат. Займчыда төлөмдү өз убагында кайтарууга байланыштуу көйгөйлөрү жаралганда компаниянын кызматкерлери жарым-жартылай төлөөнү же займды узартууну сунушташат.

- Туруктуу кардарлар үчүн кандайдыр бир бонустар же жеңилдиктер барбы?

Албетте! Менин көз карашымда бардык компания өз кардарлары менен узак мөөнөттүү мамилелерди түзүүнү каалайт! Лоялдуу займчылар үчүн займдын жогорку лимитинин суммасы ар бир жолу көбөйөт, ал эми пайыздык коюм төмөндөйт.

- "Акчамат" сыяктуу компаниялардын өнүгүү келечеги кандай?

Ар кандай кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы инновациялык технологиялар тез өсүп жатат. Бул процесс биринчи кезекте калкка аралыктан тейлөө технологиясы берген артыкчылыктар, ошондой эле техникалык каражаттардын жана технологиялардын тез өнүгүшү менен шартталган.

Дүйнө бир орунда турган жок, адамдар үчүн банктарга жана микрокредиттик уюмдарга барууга, кезекте турууга бир нече саат убакыт коротконго караганда, өз алдынча аралыктан займ алуу кыйла оңой. Бул өзгөчө учурдагы оор мезгилде - пандемия шарттарында өтө актуалдуу.

Эгерде башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карай турган болсок, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын көбү – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, банктык же башка кызмат көрсөтүүнү алуучунун жеке катышуусун талап кылган кызмат көрсөтүүлөр азыр онлайн режимге өтүп жатат. Бул убакытты кыйла үнөмдөйт жана дүйнөнүн каалаган жеринде туруп, кызмат көрсөтүүнү алуу мүмкүнчүлүгүн берет. “Акчамат” – бул адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга карата биринчи гана кадам деп эсептейбиз, жакынкы убакта көпчүлүк компаниялар кызмат көрсөтүүнүн электрондук түрүнө өтөөрү анык, анткени азыркы убакта дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө бул эң көп талап кылынган ыкма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан