Бишкекте “Сейтек” балдар борборунда 23-октябрь күнү ушу инструктору Замира Байжанованын жаркын элесине арналган өспүрүмдөр арасында мелдеш болуп өттү. Мелдешке 8 жаштан 16 жашка чейинки 8 ушу мектебинен 150гө жакын өспүрүм спортчулар катышты. Мелдештин жеңүүчүлөрү төмөндө:
13-16 жашка чейинкилер арасында: Лия Паклина, Сезим Мирлан кызы, Гүлназ Мавлянова, Нуржамал Жумадылова, Нурдан Асылбеков (“Тянь-Шань” ушу спорттук клубу)
10-12 жашка чейинкилер арасында: Абдулмажид Абдурахманов, Рустам Токтосунов, Даяна Атабекова, Адилет Муратбек уулу, Маруф Розахунов (“ЛиУ”)
8-9 жашка чейинкилер арасында: Михаил Цой, Алихан Акылбек уулу, Дастан Таалайбеков, Сергей Гаврюшенко, Алия Самудинова (“Тянь-Шань”)