Бишкекте адам уурдоого жана каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин Бишкек шаардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда июнь айынын башында Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар аны коркутуп-үркүтүү жолу менен кара унаага отургузуп, тоого алып барып ээн жерде аны сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышканын жазган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-беренеси "каракчылык" жана 170-беренелери "адам урдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки адам кармалган:
- Нарын облусунун Жумгал районунун 38 жаштагы тургуну, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу “смотрящий”.
- Кармалган экинчи жаран дагы 38 жашта. Мурда соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну.
"Соттун чечими менен кармалган эки жаранга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.