19 жылдан бери баспай калган жолдошун караган "Кыз-Бурактын" солисткасы: "Күйөөмдү таштап кетсем, мен мынчалык бактылуу болмок эмесмин"

Тагдыр кимге кандай сыноо бергенин эч ким билбейт. Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун солисткасы, ырчы Замира Кеңеш кызы 19 жылдан бери эки буту баспай калган жолдошу Акылбек Акматалиевди карап, чыгармачылыгын таштоого туура келген. "Күйөөмдү таштап кетсем, мен мынчалык бактылуу болмок эмесмин, мен азыр кетпегеним үчүн бактылуумун", - дейт ырчы айым.

"Жолдошум кырсыкка кабылып жыгылганда кызым 1 жаштан өткөн болчу. Бүгүн басат, эртең басат деп жатып эле 19 жыл өтүп кетти. Негизи баш кошконубузга 23 жыл болду. Балким, мен таштап кетсем, мынчалык бактылуу боло алмак эмесмин. Мен азыр кетпегеним үчүн бактылуумун. Дайыма ар тараптан колдоп, жөлөп турган жолдошум бар. Мен "Кыз-Бурактын" 10-курамында 2 жыл ырдап калдым, Гүлшайыр Садыбакасова эжем көп колдоду, азыр дагы сурап турат. Күйөөм дагы ырда деп дем берип, түшүнөт. Кайын журтум келин эмес, кызындай көрүп сыйлашат. Баарына Кудайга шүгүр деп жашап келе жатабыз", - дейт Кеңеш кызы.

Күйөөсүн караган “Кыз-Бурактын” солисткасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Samatisaev
2021-06-16 10:57:41
Сизден Аллах ыраазы болсун
+22
Dembele84
2021-06-16 12:22:47
Мындайлар ото аз азыркы учурда,азаматсыз эже!
+15
Nina.alex
2021-06-16 15:40:45
Dembele84,аял ооруса эркек 99.9 проценти качып кетишет. Калп эле ангел боло бербечи
+1
Datka7777
2021-06-16 13:31:04
Сиздей акылдуу аялдар коп болсун
+10
Batken-i-love-you
2021-06-16 15:43:08
Аллахым сыйлыгыңызды акыретте берет эже.Көп жашаңыз.
+8
amirrus
2021-06-16 19:35:14
Бунун сообун созсуз аласыз ,азыр соз которо албай кетип калып жатышат го...Сизге медаль бериш керек азыркы кундордо сиздей аялдар жокко эсе
+3
munduz2016
2021-06-17 19:57:26
Аллах раазы болсун эже.Сиздей инсандар бар дүйнө сакталып турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан