Компаньон Банкы: Акча тапсаң – сакта!

Акчаны үнөмдөө жана топтоо оңой иш эмес, айрыкча эң башында, чыгымдарды көзөмөлдөө жана бюджетти бөлүштүрүү адаты калыптана элек кезде.

Айланаңызда сиз менен бирдей киреше тапкан адамдар бар болсо керек, бирок алар сизге караганда унаа сатып алышты, саякатка барып келишти же үй куруп алышты.

Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн? Бул адамдар сизден айырмаланып, эмнени билишет жана жасай алышат экен?

Чындыгында, жообу жөнөкөй – туура адаттарда. Өзүңүздү каржылык жаздык менен камсыз кылуу үчүн кирешеңиздин бир бөлүгүн дайыма калтырып коюу эрежесин түзүп, аны белгилүү бир мезгил аралыгында үзгүлтүксүз сактап келүү зарыл. Чыгымдарды көзөмөлдөө жана үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу да маанилүү, анткени чыгымдардын багытын түшүнүүгө, акчаны туура бөлүштүрүүгө жана ашыкча сатып алуулардан алыс болууга жардам берет.

Мисалы, аманаттык (депозиттик) эсебиңизге эмгек акыңыздан же башка киреше булактарынан 10–15 пайызын Интернет-банкинг, «Кошелек Компаньон» электрондук капчыгы жана башка аралыктан тейлөө ыкмалары аркылуу которуп турсаңыз болот. Мүмкүн болсо, кирешеңизге жана бир айдагы милдеттүү чыгымдарыңызга жараша көбүрөөк акча которуп туруу абзел. Акча каражаттарды алар сиздин эсебиңизге түшөөр замат бөлүштүрүүгө тийиш. Аталган иш-аракеттер адатка айланса, финансылык максаттарыңызга жетүүгө шарт түзүлүп, сиз эңсеген каалоолоруңузду аткара аласыз.

Акча топтоону жана учурдагы каражаттарын көбөйтүүнү каалагандар үчүн Компаньон Банкы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аманаттар (депозиттер) боюнча жылдык пайыздык чендерди 13,5% га чейин көтөрдү.

  • Аманаттын минималдуу баштапкы суммасы - 500 сом

Аманаттардын шарттары жөнүндө кененирээк маалымат

«КОМПАНЬОН БАНКЫ» ЖАК КАРДАРЛАРЫНЫН АМАНАТТАРЫ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОРГОЛОТ

Компаньон Банкы – 2016-жылынан тарта Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ар бир аманатчыга акча каражаттарын кайтарып берүүгө кепилдик берет, башкача айтканда кепилдик учур келип чыкканда аманатчыларга 200 миң сом компенсация, анын ичинде аманаттар боюнча пайыздар төлөнөт.

Компаньон Банкынын кардарларды колдоо кызматы: 88 00 (Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан