Кыргызстандык Сабина Исмаилова ок атуу боюнча Азия чемпиондугунда 21-орунду ээледи

Кыргызстандык Сабина Исмаилова Ирандын Тегеран шаарында өткөн ок атуу боюнча Азия чемпиондугунда 21-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. 10 метр аралыктан пневматикалык куралдан атуу боюнча мелдешке 23 спортчу катышып, анда кыргызстандык Сабина Исмалова 404,6 упай менен 21-орунду, 50 метр аралыкта үч абалдан атууда 19-орунду ээлеген. Эске салсак, ок атуу боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандан 6 спортчу катышты. Алардан жакшы көрсөткүчтү 6-орунду ээлеген Руслан Исмаилов менен 7-орунду ээлеген Бактыгүл Махмадова көрсөтө алды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан