Идирис Айитбаев баш байгени жеңип алды. Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган айтыш

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган айтыш 20-июнь күнү Бишкектеги улуттук филармонияда болуп өттү.

Айтышта жалпысынан 12 акын ат салышып, арасынан финалга төрт акын чыгып, төмөнкү төкмөлөр жеңишке жетишти.

Идирис Айитбаев бул ирет да баш байгеге ээ болуп, күйөрмандарын кубандырды. Ал эми биринчи орунга Акматбек Султан уулу, экинчи орунга Жылдызбек Төрөканов ээ болсо, Кубат Тукешов үчүнчү орунга татыды.

Аталган айтыштын тандоо туруна 48 акын катышып, алардын ичинен 12 акын айтышка катышууга укук алган.

Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган Айтыш өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
IOA
2021-06-21 09:18:16
Молодец куттуктайбыз!
+4
Shabi
2021-06-21 09:50:24
И.Аитбаев ото мыкты токмо акын экенинди шек жок,мыкты инсан.Бирок менин ойумча,жаныдан осуп келе жаткан мыкты мыкты акындар да ото коп экен.Мындай байгелуу айтыштарда,жаш акындардын шагын сындырбай,кобуроок колдоп алдыга суросок,келечекте ото кучтуу токмолор чыгаар эле.
+4
Aidan_Ek
2021-06-21 10:31:03
Айитбаевби же Айтибаевби? Так фамилиясы кандай?
+1
Ali-han
2021-06-21 10:55:37
Идирис Айтбаев болуш керек
+3
Abdizhapar
2021-06-21 11:13:07
Кайра кайра ушуга баш байгени бере бербей бул жолкусунда Акматбекти суйундуруп койсонор болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан