"Евро-2020": Италиялыктар улуттук рекордду кайталаса, Түркия "үйүнө" кетти

"Евро-2020" алкагында "А" тайпасынын оюндары жыйынтыкталды. Анда Италия курама командасы "Уэльс" курама командасы менен ойносо, Щвейцария курама командасы Түркия курама командасы менен оюн өткөрдү.

Италиянын футбол курама командасы "Евро-2020" алкагындагы тайпалык этаптагы эң мыкты командалардын бири болду. 3-турда италиялыктар экинчи курам менен ( резервдеги дарбазачынын чыгышына да жол беришкен) "Уэльсти" утуп, максималдуу 9 упай топтоп, бир дагы гол өткөрбөй 1/8 финалга өтүштү. Италиялыктар улуттук рекордду кайталап, 30 жолу жеңилбестен оюн өткөрүп, анын ичинде 11 оюнда жеңип - жалпы эсеп 32:0 болду. Плей-оффтогу биринчи атаандашы Украина же Австрия болот.

Алдыда узак жол бар, бирок Италия улуттук курама командасы жеткен ийгилигинде токтоп калуу ойлорунда жок.

"Уэльс" жеңилгенине карабастан экинчи орундан плей-оффко чыгып, Орусия курама командасына атаандаш болуп калышы мүмкүн.

Жердан Шакири Түркияга эки гол киргизип эсеп айырмачылыгын өзгөртүп Щвейцарияга жеңиш алып келди.

Щвейцария 3-орунду ээлеп, эми калган топтордун жыйынтыгын күтүп жаткан учуру. Щвейцарияга дагы деле кийинки баскычка өткөнгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Ал эми Түркия болсо үч оюнда тең жеңилүү ызасын тартып, бир гол киргизип сегиз гол өткөрүп жиберишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dastan_nookat
2021-06-21 12:52:20
Видео жайгаштырып койсонуздар сураныч сиздерден
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан